Рублдин расмий курсун аныктоо тартиби өзгөртүлдү

Кыргызстанда рублдин расмий курсун аныктоо тартиби өзгөртүлгөнү белгилүү болду. Тиешелүү чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2022-жылдын 14-мартында кабыл алынган. Маалыматка ылайык, бул убактылуу чара.

Мындай чечим ички валюта рыногунда чет элдик валюта менен мүмкүн болуучу алып-сатарлык операциялардын алдын алуу максатында кабыл алынганын Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Россия рублинин сомго карата расмий курсу АКШ долларынын Улуттук банк тарабынан сомго карата расмий курсу аныкталган учурда Москва банктар аралык валюта биржасында жайгаштырылган орточо салмактанып алынган маанилердин негизинде кросс-курс боюнча эсептелет деген эреже колдонулган.

Эми орус рублинин сомго карата расмий курсу «Блумберг» МАда/»Рейтер» МАда Бишкек убактысы боюнча учурдагы соода күнүнүн 15.00 дөн 15.00 гө чейинки мезгил аралыгында АКШ долларынын рублга карата максималдуу жана минималдуу курсунун ортосундагы орточо маанилердин негизинде кросс-курс боюнча эсептелет.

Бүгүн рублдин расмий курсу Улуттук банк тарабынан 0,8721 сом деп белгиленди.

Добавить комментарий