Россия санкцияларга чейин эле мунай рыногундагы лидерлик абалын жоготкон, — Bloomberg

Россиянын мунай санкциялары 5-декабрда күчүнө киргенге чейин Европа Биримдигине мунай экспорту 90% кыскарган.

Орус чийки мунайынын импортуна тыюу салууга дагы эки жума калды, ал эми Россия Евробиримдиктин өлкөлөрүндөгү рыноктун 90% ашыгын жоготкон. Төрт жуманын ичинде жана 18-ноябрга карата РФ Роттердамга суткасына болгону 95 000 баррель мунай жөнөтүп турган — бул Жер Ортолук жана Кара деңиз бассейндеринен тышкары деңиздеги жеткирүүлөр үчүн Европанын жалгыз багыты, деп жазат Bloomberg.

Буга чейин февраль айынын башында Россия күнүнө 1,2 миллион баррелден ашык мунай жөнөткөн. Литва, Франция жана Германия өңдүү мамлекеттер мындай импортту бир нече ай мурун токтотсо, сентябрда Польша да ушундай жолго түшкөн.

Россиянын Балтика портторуна жүктөлгөн чийки мунайдын төрттөн үчү азыр Азияны көздөй баратат, ал эми Индиянын мунай иштетүүчүлөрү АКШ менен Улуу Британия сунуштаган жеңилдетилген мөөнөттөн пайдаланып, ЕБ кабыл алат деп күтүлүп жаткан баррельдерди жыйноодо. Бул 5-декабрдагы тыюу күчүнө киргенге чейин жүктөлгөн жүктөрдү, эгерде алар 19-январга чейин жеткирилсе, бошотот.

Шаршемби күнү Чоң жетиликтин өлкөлөрү орус мунайынын чек ара бааларынын деңгээлин жарыялайт деп күтүлүүдө. Бул деңгээлден жогору баада сатылып алынган жүк европалык жана британиялык кемелерден, камсыздандыруудан жана башка кызматтардан ажырайт.

Эске салсак, Bloomberg 8-ноябрда Россиянын мунайынын деңиз аркылуу ташылышы санкциялар жакындаган фонунда беш айлык рекордго секиргенин жазган. Ноябрдын башында Россия күнүнө 3,6 миллион баррелди жөнөттү, бул июнь айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Бирок кеп Европага гана эмес, Азияга бардык жеткирүүлөр жөнүндө болду.

Ошол эле маалда европалык соодагерлер соңку кездери россиялык дизель майын кампаларына жүктөөнү көбөйтүштү. РФдан мунайзаттарды, атап айтканда дизель майын импорттоого тыюу салуу 2023-жылдын февраль айынан тарта күчүнө кирет.

Добавить комментарий