Россия Кыргызстанга күйүүчү май менен камсыз кылууну токтотпойт

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев жана Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин дүйнөдөгү коронавирус илдетинин жайылышы тууралуу телефон аркылуу талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчылары коронавируска каршы багытталган чараларга чон маани беришти, ошондой эле бул тема боюнча ыкчам маалымат алмашуу жана бири-бирине жардам көрсөтүүгө макул болушту.

Сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап, орус өкмөт башчысы Кыргызстанга Россиядан май, тамак-аш жана башка жүктөрдү камсыз адаттагыдай эле ишке ашырыла турганын баса белгиледи.

Добавить комментарий