Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун өкүлү дайындалды

Баткен облусунда 2020-жылдын аягындагы коллегиянын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары, облустун акими, Россия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фондунун өкүлү катышкан.

Бул тууралуу облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, Тулаев Маруфхан Каримович Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Берилген арызга ылайык, ыйгарым укутуу өкүлдүн мурунку биринчи орун басары Жаркынбек Максутов ээлеген кызматынан бошотулду.

Орозов Акылбек Курбанбекович Баткен районунун акими болуп дайындалды. Мурунку аким Маркаев Каланбек Орозович берилген арызга ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Жакшылыков Жайлообек Аззамкулович Россия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фондусунун Баткен облусундагы өкүлү болуп шайланды.

Добавить комментарий