Москвада өткөн Туризм жана меймандостук өнөр жайынын эл аралык көргөзмөсүндө КРдагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен Россиянын Туризм өнөр жай ишканаларынын биримдиги кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту. Бул кызматташтык инвестициялык туристтик долбоорлорго капиталды тартууга, туристтик бизнеске жагымдуу шарттарды түзүүгө жана туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталган.
Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
MITT көргөзмөсүндө 16 туристтик компания Кыргызстанды тартуулады. Улуттук стендди Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Эрмек Өмүралиев ачышты. Фонддун маалыматы боюнча, көргөзмөнүн коноктору гана эмес, башка катышуучулар да, анын ичинде РФнын жана башка өлкөлөрдүн туристтик компаниялары да КРга саякаттоого чоң кызыгуу көрсөтүшөт.
Москвага сапарынын алкагында Елена Калашникова бир катар жолугушууларды өткөрдү, анын ичинде Мамлекеттик Думанын Туризм жана туризм инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Сангаджи Тарбаев, «Деловая Россия» коомдук уюмунун өкүлдөрү жана орусиялык «Anex Tour» туроператору менен жолугушуулар болду. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын рыногунда россиялык тажрыйбаны колдонуу, инвесторлорду тартуу жана медициналык жана активдүү турларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Көргөзмөнүн ишинде жана россиялык компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү уюштурууда Кыргызстандын Москвадагы элчилиги чоң колдоо көрсөткөнү айтылат.