Республиканын жалпы мамлекеттик карызы 5,2 миллиард долларга жетти, — КР Финансы министрлиги

КРнын Финансы министрлиги мамлекеттин мамлекеттик карызы боюнча акыркы маалыматтарды жарыялады.

2022-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы+ички) 5 миллиард 217,88 миллион АКШ долларын же 418 миллиард 384,37 миллион сомду түздү, деп билдирди КР Финансы министрлиги.

Департаменттин маалыматы боюнча, алардын ичинен:

— 79,8% мамлекеттик тышкы карыз: 4 млрд 162,60 млн АКШ доллары (333 млрд 769,18 млн сом);

— 20,2% мамлекеттик ички карыз: 1 млрд 55,28 млн АКШ доллары (84 млрд 615,19 млн сом).

2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы+ички) КР республикалык бюджетинен иш жүзүндө 28 миллиард 854,4 миллион сом бөлүнгөн, анын ичинен:

— мамлекеттик тышкы карыз боюнча — 19 млрд 511,1 млн сом;

— мамлекеттик ички карыз боюнча — 9 млрд 343,3 млн сом.

2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан иш жүзүндө 12 398,7 миллион сом каражат түшкөн.

Добавить комментарий