Расмий рублдин курсу орус валютасынын реалдуу баасын чагылдырбайт

Расмий рублдин курсу иш жүзүндө “согушка чейинки” деңгээлине кайтып келгенине карабастан, ал орус валютасынын реалдуу наркын чагылдырбайт.

Бул тууралуу Financial Times жазып чыкты.

Россиянын дүйнөлүк каржы рынокторунан обочолонушу жана РФ Борбордук банкынын капиталдын кыймылына катуу көзөмөл жүргүзүү чараларынан улам алмашуу курсун турукташтырууга (1 доллар үчүн 81 рублга чейин) мүмкүн болду, деп түшүндүрөт басылма.

Март айынын башында рубль 150 рубль/1 долларга чейин түшүп, эки жумага жетпеген убакыттын ичинде дээрлик жарымын жоготкон.

Москва рублдин курсун көтөрүү үчүн киргизген катуу чектөөлөрү тереңирээк валюта кризисинин алдын алууда чечүүчү ролду ойноду.

“Башында рублдин курсу кескин түшүп, көптөгөн жарандар акчасын чет өлкөгө которгон учур болгон. Бирок андан кийин буга эмбарго киргизилип, долларды өлкөдө же чет өлкөдө колдонуу дээрлик мүмкүн болбой калды”, – деп FT Москва биржасынын байкоочу кеңешинин төрагасы, РФ Борбордук банкынын төрагасынын мурдагы орун басары Олег Вюгиндин сөздөрүн келтирет.

Орустарга жакынкы алты айда өздөрүнүн чет өлкөлүк банктык эсептерине акча которууга, эл аралык валютада 10 миң доллардан ашык акча алууга же андан ашык накталай акчаны өлкөдөн алып чыгууга тыюу салынды.

Банктарга жана брокерлерге чет элдик валютаны накталай долларга жана еврого алмаштырууга убактылуу тыюу салынды.

Чет элдиктерге жергиликтүү акциялардан чыгууга да тыюу салынып, алардын инвестициялары тузакка түшүрүлдү.

«Бийликтер бул процесске ушунчалык катуу мамиле кылышкандыктан, бул көрсөткүч орус экономикасынын абалынын же санкциялардын эффективдүүлүгүнүн чагылышы катары каралышы мүмкүн эмес деп ойлойм», – деп басылмага TD Securities компаниясынын өнүгүп келе жаткан рыноктор портфелинин стратегиясынын жетекчиси Кристиан Маджио билдирди.

Анын айтымында, чет элдик инвесторлор россиялык активдерге ээлик кылып, иш жүзүндө тузакка түшүп, орус рыногунда операцияларды жүргүзө албай, Россиянын чегинен тышкары банктар доллардын рублга курсун көрсөтүүнү дээрлик токтотту.

“Валюта курсу – бул санкциялар иштебей турганын көрсөтүү үчүн жасалган саясий аракеттердин бир бөлүгү.- дейт BlueBay Asset Management компаниясынын экономисти Тимоти Эш. – Бирок бул реалдуу базар эмес. Бүгүн, эртең же кийинки жылы рубль кайда сатылбасын, Путин Россияны эл аралык парияга айлантты”.

Добавить комментарий