Пандемия башталгандан бери банктар 101 миллион сомго жардам көрсөтүштү

Пандемия учурунда Кыргызстан Банктар Бирлигинин курамына кирген каржы мекемелери 101 миллион сом өлчөмүндө жардам көрсөттү.

Бул тууралуу Банктар бирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акчалар Каржы министрлигинин жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсептерине, дарыгерлердин эсебине которулгандыгы белгиленди. Мындан тышкары, коммерциялык банктар дары-дармектерди, жасалма дем алдыруучу аппараттарды, кычкылтек концентраторлорун, жеке коргонуу каражаттарын жана тамак-аш азыктарын сатып алып, ооруканаларга өткөрүп беришкен.

«Банк сектору алгачкылардан болуп, өз жарандарына жана кардарларына келишимдик мамилелерди кайра карап чыгып, ар тараптуу колдоо көрсөтө баштады. Насыя портфелинин жарымынан көбү түзүмдөштүрүлүп, насыяларды төлөөнүн жеңилдетилген варианттары сунушталды», – деп белгиледи Кыргызстан Банктар Союзунун Президенти Анвар Абдраев.

Добавить комментарий