Токаев менен Жээнбеков Айтматовдун үй-музейине барышты

Эске салсак, бүгүн, 27-ноябрда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген.

«Мамлекет башчылары улуу жазуучунун жакындары менен маектешип, үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты. Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов президенттерге музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берип, Токаевге сүрөт белек кылды», — деп айтылат маалыматта.

Касым-Жомарт Токаев каалоолор китебине өзүнүн каалоо-тилегин калтырды.

Добавить комментарий