Ош шаарынын бюджети бекитилди

Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясында шаардын бюджети 1 миллиард 600 миллион сом өлчөмүндө бекитилди.

Бүгүн, 10-февралда Ош шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги сессиясы болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде «Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга болжолдуу социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө» 8 маселе каралды.

Жыйынтыгында Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 242,8 млн сомго көбөйүп, 1 млрд 600,5 млн сомго бекитилди. Бюджетти төмөндөгүлөр менен толуктоо пландаштырылууда:

салыктар – 1 млрд 365,6 млн сомго, бул жалпы бюджеттин 85,3% түзөт;

салыктык эмес кирешелер – 154,9 млн сом, жалпы бюджеттеги үлүшү – 9,7%;

бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 млн сом (5,6%).

Белгилей кетсек, «Республиканын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык жергиликтүү бюджетке ченемдик салыктык чегерүүлөр төмөнкүдөй көлөмдө бекитилген:

киреше салыгы – 100%;

жер казынасын пайдалануу салыгы – 50%;

мүлк салыгы – 100%;

жер салыгы – 100%;

чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык – 100%;

ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык – 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин кароосунда калат.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, 2022-жылы тротуарларды реконструкциялоого, социалдык объектилерди жана шаар жолдорун курууга, долбоорлорду биргелешип каржылоого өзгөчө көңүл бурулат.

«Буга байланыштуу 2021-жылга салыштырмалуу турак жай-коммуналдык чарба (34,9%), экономика маселелери (15%), жалпы мамлекеттик кызмат (17,4%), билим берүү жана башкалар(25,2%) чөйрөлөрүндө чыгымдарды көбөйтүү пландалууда», – деп тактайт басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, социалдык коргоого жумшалган каражат 1,3% гана көбөйөт

Добавить комментарий