Новопокровка айылында балыкты кайра иштетүүчү цехтерди түзүүнү пландап жатышат

 

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун директору Нурбек Анарбекин Чүй районунун Новопокровка айылындагы долбоорлордун аткарылышы менен таанышты. Анын айтымында, текшерүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында азык-түлүк эмес товарлардын өндүрүшүн түзүү жана балык чарбасын кеңейтүү боюнча иштердин жүрүшүн баалоого багытталган.

Текшерүүнүн негизги объектиси азык-түлүк эмес товарларды өндүрүүнү жана сактоочу жайларды түзүү максатында токтоп турган базаны реконструкциялоо долбоору болду. Учурда жеке өнөктөш газобетон блокторун чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүүдө, ошондой эле тигүү цехин куруу жана кампа жайларын реконструкциялоо боюнча даярдык иш-чаралары башталды.

Кийинки сапарда балык жана балык азыктарын өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча адистешкен «Аква Сервис» ЖЧК балык чарбасы болду. МЖӨ долбоорунун пландарына ылайык, жеке өнөктөштүн инвестицияларынын эсебинен балыктарды кайра иштетүү жана комплекттөөчү буюмдарды чыгаруу цехтери, ошондой эле даяр продукцияны сактоо үчүн кампалар курулат. Ошондой эле студенттер жана жаңыдан балык өстүрүүчүлөр үчүн окуу базасы бар аквакультура борборун куруу пландалууда.

Нурбек Анарбекин МЖӨ борбору республиканын аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду издөө жана ишке ашыруу, муну менен жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртуу жана модернизациялоо процессине көмөк көрсөтүү боюнча ишин улантарын баса белгиледи.

Добавить комментарий