Нан сатуу: калктын аяр катмарына арзан нан сатылат

«Акцияга ылайык, пенсионерлер, социалдык коргоого муктаж адамдар, студенттер, ардагерлер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өздөрүн күбөлөндүргөн документтер аркылуу Кыргызстандын чоң шаарларында арзан нан сатып алса болот», — деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, салмагы 450 грамм бөлкө 12 сомдон сатылат.

«Келечек» мамлекеттик ишканасы жети жылдан бери түрдүү азык-түлүк, кийим-кече жана турмушка керектүү буюмдарды өндүрүп келет.

Акциянын алкагында нанды кайдан сатып алса болот:

Бишкек шаары, Масалиев көчөcү, 91;
Ош шаары, Баялинов көчөcү, 25:
Жалал-Абад шаары, Ленин көчөcү, 174;
Каракол шаары, Ленин көчөcү, 194;
Балыкчы шаары, Ысык-Көл көчөcү, 179.
Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитети ноябрь айынын башында ундун баасы бир кыйла жогорулаганын билдирген болчу.

Добавить комментарий