Мектептердин жабылышы сабатсыздыктын күчөшүнө алып келет

Белгилүү болгондой, COVID-19 пандемиясынын айынан кирешеси төмөн мамлекеттердин үчтөн экиси билим берүүгө кеткен чыгымдарды кыскартууга аргасыз болушкан. Ошол эле учурда, жогорку кирешелүү өлкөлөрдүн үчтөн бири гана билим берүүгө кеткен чыгымдарды кыскартты. ЮНЕСКО эгер пандемия экономикага доо кетирсе жана зыянын тийгизе берсе, анда бай менен кедей мамлекеттердин ортосундагы ажырым күчөй берет.

“Пандемияга чейин кыска тексттерди окуй албаган 10 жаштагы балдардын үлүшү төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдө 53 пайызды түзгөн. COVID-19га байланыштуу мектептердин жабылышы жакыр өлкөлөрдө бул көрсөткүчтүн 63 пайызга чейин өсүшүнө алып келиши мүмкүн”, – деп билдирди ЮНЕСКО.

Уюм кирешеси төмөн өлкөлөрдөгү көптөгөн балдардын компьютерлери, смартфондору, ал тургай, Интернетке кире алышпагандыгын, ошондуктан алар карантиндик режимде окуу мүмкүнчүлүгүнөн дээрлик ажырагандыгын баса белгилейт. Ошондуктан, ЮНЕСКО эл аралык коомчулукту жакыр мамлекеттерди колдоого жана билим берүү тутумуна көбүрөөк инвестиция салууга чакырат.

Добавить комментарий