Мамлекеттик облигациялардын аукциону эртең, 5-ноябрга пландаштырылган

Эртең, 2021-жылдын 5-ноябрында Кыргызстанда аукцион өтүп, анда 750 миллион сомдук мамлекеттик облигациялар сатылат.

Маалымат үчүн! Мамлекеттик облигациялар 7 жылдык мөөнөткө чыгарылган.

Улуттук банк эмиссиянын пландаштырылган көлөмү 750 миллион сомду түзөрүн билдирди. Купондук чен – 7%, баалуу кагаздар боюнча кирешени төлөө жылына эки жолу.

Үстүбүздөгү жылдын 20-августундагы 7 жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу боюнча аукциондун жыйынтыгы боюнча орточо алынган кирешелүүлүк 12,25% түздү.

Добавить комментарий