Мамлекеттик монополияга каршы агенттик Аламүдүн базарындагы бааларды текшерди

Мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин кызматкерлери Аламүдүн базарындагы жана ага жакын жайгашкан соода түйүндөрүндөгү өсүмдүк майына жана кум шекерине баалар боюнча экспресс-сурамжылоо жүргүзүштү.

Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы агенттик билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери дүң жана чекене продукция сатуучулардын арасында кум шекердин жана өсүмдүк күн карамасынын майынын ашыкча баасынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

«Жалпысынан жогоруда көрсөтүлгөн азык-түлүк товарларына чекене баалардын жогорку чегин кошуу монополияга каршы орган тарабынан белгиленген чекте сакталат», — деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий