Мамлекеттик антимонополия кумшекердин кымбатташына комментарий берди

Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги республикада кумшекердин наркынын жогорулашы жөнүндө комментарий берип, анын наркынын өсүшүн чектөө боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, Кыргызстандын кантка болгон жылдык муктаждыгы 100-110 миң тоннаны түзөт. Ата мекендик кант өндүрүү керектөөнүн 50-60 пайызын жабат. Шекер Россиядан, Беларуссиядан, Украинадан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинет.

Бүгүнкү күндө республикада кум шекердин орточо базардагы чекене баасы килограммы 64,7 сомду түзөт.

Мамлекеттик агенттик бааларды төмөндөтүү маселеси боюнча кант сатуучулар менен дагы, рынокто үстөмдүк кылган позицияны ээлеген ата мекендик өндүрүүчү менен дагы иштешип жаткандыгы белгиленди.

“Компания кантты коомдук маанилүү товарлардын («Народный», «Глобус», «Фрунзе», «Ярмарка») бааларын ооздуктоо боюнча келишим түзгөн төрт соода түйүнүнүн ар бирине килограммын 54 сомдон сатууда. Келишим 1-июнга чейин күчүндө. Завод бул келишимди узартууга даяр”, – деп айтылат билдирүүдө.

Фабрика башка керектөөчүлөргө кумшекердин баасын 60 сомдон 57 сомго чейин төмөндөтүп, азыркы учурда 55,5 сомго түшүргөнү такталды.

«Кайыңды-Кант» заводу республиканы кумшекер менен камсыз кылуу боюнча да, «Атаандаштык жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык баалардын негизсиз көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн дагы, бардык зарыл чараларды көрүүгө даяр», – деп белгилешти орган.

Добавить комментарий