Мамлекет ипотекалык насыялардын пайыздарын азайтат

Кыргызстандагы мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилиги 1-майдан баштап мамлекеттик турак жай программасы боюнча берилген насыялардын үстөк пайызын 1%га төмөндөтүүгө убада берди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чендер 2018-жылдын 1-ноябрына чейин, баштапкы төлөөгө жараша жылдык 8% — 10% дан 7% — 9% га чейин төмөндөйт.

Ошондой эле, «Жеке турак-жай куруу» механизми боюнча, пайыздык чендер жылдык 8% — 12% дан 7% — 11% га чейин азайтылат.

Белгиленгендей, мамлекеттик ипотека насыясынын ставкаларын төмөндөтүү жөнүндө чечимди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилиги турак-жайга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында кабыл алган.

Добавить комментарий