«Максат» сугат каналынын курулушунун I этабына 100 млн сом бөлүнгөн

Кыргызстанда Лейлек районундагы «Максат» сугат каналынын курулушунун I этабы аяктоо алдында турат. Ага 100 миллион сомдой каражат жумшалганы маалымдалды.

Айыл чарба министрлиги жалпысынан төрт этапты өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын билдирди. Долбоордун жалпы наркы 1,9 миллиард сомду түзөт.

Убагында каржылоо менен, орнотуу иштери төрт жылда бүтөт. Ошондо 1,8 миң гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлүп, 7,5 миң гектар жер суу менен камсыз болот.

Май айынын аягына чейин каналдын курулушунун биринчи этабы бүтөт деп кошумчалайбыз.

Добавить комментарий