Лондон менен Бишкек эл аралык капитал рыногуна чыгуу боюнча вебинар өткөрүштү


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/09/speech-77359-1664517294-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстан эл аралык капитал рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү менен өлкөдөгү фондулук рынокту өнүктүрүү боюнча консультациялык иш-чараларга активдүү катышууда.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинин көмөгү менен Лондон фондулук биржасы, «Renaissance Capital» финансылык консалтинг компаниясы жана «Dentons» финансылык-укуктук компаниясы менен биргеликте кыргызстандык компаниялардын эл аралык капитал рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча вебинар өткөрүлдү.

Вебинардын жүрүшүндө катышуучуларга Лондон фондулук биржасында алгачкы ачык сунуштоо (IPO) процесси, еврооблигацияларды чыгаруу жана эл аралык баалуу кагаздар рыногунун башка инструменттери боюнча кеңири маалымат берилди.

Вебинарда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси У.Джусупов ачылыш сөз сүйлөп, финансылык өнүгүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүү, ар кандай эл аралык каржы инструменттерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алуу максатында бул иш-чараны өткөрүү Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи. 

Вебинардын жүрүшүндө кыргыз тарап кызыктырган суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алды. Жолугушуулардын жыйынтыгында дүйнөлүк каржы рынокторуна чыгуу, ошондой эле улуттук баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү боюнча тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Вебинарга КР Финансы министрлигинин, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР ЭКМге караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери, ошондой эле «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК, «Кыргызстандын фондулук биржасы — БТС» ЖАК, «РСК Банк» ААК, «Кыргызиндустрия» ААК жана башкалар катышты.

Добавить комментарий