Өлкөдөгү ири кендер мамлекеттин пайдасына пайдаланылышы керек

Кыргызстанда жер казынасын иштетүүдө мамлекеттин үлүшү болушу керек деген мыйзам актылары кабыл алынган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров биринчи Элдик Курултайдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындан ары элдин менчигине өтүп, мамлекеттин менчиги болгон кен байлыктарды башкаруу катуу көзөмөлгө алынат.

«Ошол эле учурда инвесторлор үчүн шарттарды түзүү жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошо турган пайдалуу кендерди иштетүүгө инвестиция тартуу маселелерине олуттуу көңүл бурулууда. Келечекте күчтүү, өнүккөн мамлекет болгубуз келсе, өлкөдөгү бардык ири кендерди мамлекеттин пайдасына пайдаланып, ошол эле учурда жергиликтүү калктын муктаждыктарын да унутпашыбыз керек. Ошондо биз элибиздин талаптарын аткарабыз, ошондо дооматтар болбойт жана жаркын келечекке үмүт пайда болот», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы башка өлкөлөрдүн экономикасын байытууга кызмат кылган Кумтөр кенин кайтарууга көптөгөн адамдар өмүрүн арнаганын эске салды.

«Кудайга шүгүр, терең билимге ээ, ак менен караны айырмалай билген, жүрөгү таза жана бир нече тилде эркин сүйлөгөн өлкөбүздүн уул-кыздарынын командасынын талыкпаган эмгегинин аркасында биз Кыргызстандын эң ири кенин анын элине кайтарып бердик. Мындан ары биздин эң маанилүү жер казынабыз мамлекетти өнүктүрүү үчүн иштейт. Биздин изилденбеген жана иштетилбеген кендерди мамлекет өзү иштетет. Албетте, киреше элдин кызыкчылыгына, өлкөнүн экономикасынын стратегиялык багыттарын өнүктүрүүгө жумшалат», — деп кошумчалады президент.

Добавить комментарий