
Литванын ТИМи Калининградга транзиттик өтүүнү четке каккан билдирүү таратты.
Ведомствонун өкүлдөрүнүн айтымында, республика транзитти бузбайт, болгону Евробиримдиктин (ЕБ) санкцияларын гана ишке ашырат.
Литванын ТИМ маалыматына караганда, департаментте өткөн жыйында Россиянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Сергей Рябоконьго Калининград облусуна жүк ташууга киргизилген чектөөлөрдү түшүндүргөн нота тапшырылды. Маалым болгондой, санкцияланган товарлар Калининград облусуна киргизилбейт.
«Жолугушуунун жүрүшүндө россиялык өкүлдөрдүн Литва Калининград облусуна транзиттик өтүүгө тыюу салганы тууралуу тараткан маалыматы четке кагылды. Литванын аймагы аркылуу ЕБнын санкциялык режимине кирбеген жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү Калининград облусуна жана андан ары ташуу уланууда», — деп билдирди министрлик.