Кытай менен соода жүгүртүү ушул жылдын аягына чейин 9 миллиард долларга чейин өсүшү мүмкүн

Кыргызстан менен Кытай соода көлөмүн көбөйтүүдө. Ошентип, ушул жылдын аягына чейин Кытай менен соода жүгүртүү 9 миллиард АКШ долларына чейин өсүшү мүмкүн.

Бул тууралуу экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мындай божомолдор Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөлөрүнөн келип чыккан.

«Кытайдан импорттолгон товарлардын жүгүртүүсү негизинен көмүскөдө калууда. Жакынкы 2-3 жылда контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү менен алардан түшкөн кирешенин жыл сайын 100 млрд сомго көбөйүшү күтүлүүдө», — деп кошумчалады Данияр Амангелдиев.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылы Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 7,5 млрд АКШ долларын түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 18% көп, ал 6,37 млрд АКШ долларын түзгөн. 2020-жылы ал эки эсеге азайып, 2,9 миллиард долларга жетти.

Добавить комментарий