Мунайга дүйнөлүк баанын олуттуу төмөндөшү менен түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, Кытай мамлекеттик резервге кара алтынды сатып алууну улантууда. Бул тууралуу Блумберг (Вашингтон) 2-апрелде кырдаал менен тааныш болгон, бирок атын атагысы келбеген булактарга шилтеме кылып билдирди.
Маектешүүлөрдүн айтымында, КЭРдин бийликтери мамлекеттик органдардан мамлекеттик сактоочу жайларды толтуруу процессин тез арада координациялоону суранышкан. Ушундай чакырык мунай сатып алууну көбөйтүү жана жеке цистерналарын толтуруу боюнча жеке компанияларга да жасалды.
Маалыматка караганда, мунайды сатып алуунун көбөйүшү, түздөн-түз импорттун 90 күндүгүнө барабар мамлекеттик запастардын деңгээлине жетишүүгө багытталган (Bloomberg топтогон маалыматтар боюнча, бул 900 миллион баррелди түзөт), аны коммерциялык эсепке алуу менен 180 күнгө чейин кеңейтүүгө болот.
Мунайга дүйнөлүк баалар март айынын башында, мунай өндүрүүнү чектөө боюнча ОПЕК+ келишими бузулгандан кийин башталды. Россия Сауд Аравия талап кылган өндүрүштүн деңгээлин андан ары төмөндөтүүгө макул болгон жок жана сүйлөшүүлөр учурунда болгон деңгээлде калууну сунуш кылды. Тараптар бир пикирге келе алган жок.
Эске салсак, марттын аягында Кытай жакынкы төрт жумада жеткирүү үчүн Россиянын мунайынын рекорддук көлөмүн – 1,6 млн тонна сатып алгандыгы белгилүү болду. Сатып алуу Россиянын Urals мунайга болгон баасынын төмөндөшү жана Европа өлкөлөрүндө суроо-талаптын төмөндөшүнүн шартында орун алган.