Кыргызстанга автоунаалардын импорту кыскарды – жети айдын жыйынтыгы

КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын жети айында Кыргызстанга автоунаалардын импорту кыйла азайган.

2021-жылдын январынан июль айына чейин республикага 6398 автоунаа импорттолгон, ал эми өткөн жылдын жети айында – 20950. КРга автоунаалардын импорту дээрлик 14,6 миң даанага кыскарган.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Россиядан, Түштүк Кореядан, Грузиядан жана Литвадан автоунаалардын импорту кыйла өстү. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдөн автоунаа импортунун көлөмү кыйла төмөндөгөн: мисалы, АКШдан – 13,6 миңден 555 чейин, Казакстандан – дээрлик 4,8 миңден 208 чейин.

Добавить комментарий