Кыргызстанга 80 миң доза россиялык вакцина жеткирилди

Кыргызстанга орусиялык «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозадан турган партиясы келди.  

Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Анын жетекчиси Гүлбара Ишенапысованын айтымында, вакцина Россия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык келишиминин алкагында сатылып алынган.

«Вакцинаны сатып алууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Вакцинанын эки компонентинин баасы 20 долларды түздү», – деди ал.

Вакцина республиканын бардык муктаж аймактарына жеткирилет. Биринчи кезекте, Бишкекке жана Чүй облусуна.

Колдо болгон маалыматтар боюнча, Бишкек шаарына 50 миң доза жөнөтүлдү.

Sinopharmдын 150 миң дозасы 20-июнга чейин күтүлөрү белгиленди. AstraZeneca жүктөрү июль айына жылдырылды.

16-июнга карата республикада 91 миң 22 адамга биринчи дозасы, 62,8 миңи экинчи дозасы менен эмделди.

1-сентябрга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги миллионго жакын кыргызстандыкты COVID-19га каршы эмдөөнү пландаштырган. Бирок эмдөөлөрдүн ылдамдыгына караганда, андай боло тургпндай эмес.

Эскерте кетсек, «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозадан турган биринчи партиясы Кыргызстанга 22-апрелде алынып келинген. Ошондой эле 10-майда вакцинанын экинчи компонентинин дагы 20 миң дозасы жеткирилди.

Эмдөө 25-28 күндүн аралыгы менен эки жолу жүргүзүлөт. Бул вакцина менен эмдөөдөн кийин терс таасирлери байкалган жок.

Добавить комментарий