Кыргызстандын жакынкы эки жылга экономикалык болжолу

Талдоочулар учурдагы жана кийинки эки жылга экономикалык болжолун сунушташты.

Быйыл Кыргызстанда доллардын орточо курсу 85,7 сомду түзөт, мындай божомолду Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) жасады.

Банк 2022-2024-жылдарга макроэкономикалык болжолун жарыялады. Ал марттын ортосунда доллар 105 сомго барабар болгонун, андан кийин улуттук валютанын курсу күчөгөнүн эске салды. Апрель айында курс 80-92 сомго чейин өзгөргөн.

“Геосаясий тобокелдиктер азайганда сомдун термелүү коридору тарыйт жана жылдын аягына чейин ал бир долларга 84-86 сомду түзүшү мүмкүн. Буга ички валюта рыногун турукташтырууга, ошондой эле экономикалык агенттерди жаңы шарттарга ыңгайлаштырууга багытталган бийликтин чаралары жардам берет”, – деп айтылат божомолдо.

Белгилей кетсек, болжолдоолорго ылайык, келерки жылы доллардын күтүлүп жаткан орточо баасы 92,1 сомду түзсө, 2024-жылы 97,7 чейин өсөт.

Серепчилердин божомолуна караганда, быйыл Кыргызстанда доллардын курсу…

Серепчилердин божомолуна караганда, быйыл Кыргызстанда доллардын курсу…

Добавить комментарий