Кыргызстандын өкмөтү социалдык маанилүү товарлардын баасын турукташтыра алды


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-78070-1665558838-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстанда товарлардын орточо рыноктук баасы ЕАЭБ өлкөлөрүнө салыштырмалуу төмөн деңгээлде калууда. Буга мамлекет тарабынан баа саясатын жөнгө салуу жана турукташтыруу боюнча көрүлгөн бир катар чаралар көмөктөштү.

Бүгүнкү күндө канттын баасы туруктуу, ошондуктан Кыргызстанда орточо эсеп менен 1 кг кумшекер 88,3 сомдон сатылууда. «Кошой» ААК заводунун дүң сатуу баасы 1 кг 79,2 сом. Республикада канттын жетиштуу запастары бар. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

Республикада өсүмдүк майынын баасы төмөндөө тенденциясына ээ: сентябрь айынын башында литри орто эсеп менен 158 сомдон сатылса, октябрда орточо баа 1 литрине 155,4 сомду түзгөн. Ири берүүчүлөрдүн орточо айлык запасы бар. Соода мекемелери өсүмдүк майын чектөөсүз сатууда.

Күйүүчү-майлоочу май базарында баанын төмөндөшү байкалууда. Нефтетрейдерлердин айтымында, республикада күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы бар. Рыноктогу кырдаалга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, рыноктун катышуучулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Министрлик Нефтетрейдерлер союзу менен биргеликте күйүүчү-майлоочу майларга болгон баанын өсүшүн ооздуктоо боюнча ар жума сайын күйүүчү-майлоочу майларга болгон баа боюнча сурамжылоо жүргүзүү, рыноктогу кырдаалды талдоо жана баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иш алып барууда. күйүүчү-майлоочу материалдарга, ак ниет атаандаштыктын принциптерин так сактоо, ошондой эле резервдерди эсепке алуу жана чыгымдарды оптималдаштыруу аркылуу баанын деңгээлин кармап туруу куралын колдонот. Республика боюнча 5-октябрга карата А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орто эсеп менен 1 литри 61,6 сомдон, ал эми дизель майы 75,8 сомдон сатылууда.

Социалдык маанидеги товарлардын баасы турукташып, акыркы эки айда кант, өсүмдүк майы, ун сыяктуу товарлардын баасы төмөндөөдө. Баанын төмөндөшүнө мамлекет тарабынан көрүлгөн бир катар чаралар, атап айтканда, КНСти нөлгө түшүрүү, ошондой эле экспортко тыюу салууну киргизүү таасир эткен. Мындан тышкары, кумшекерди сатуу боюнча өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, чекене түйүндөр, ошондой эле ун өндүрүү жана сатуу боюнча ун тартуучулар ассоциациясы менен тиешелүү келишимдер түзүлдү.

Акыркы келишимдер баалардын абалына оң таасирин тийгизгендиктен, бүгүнкү күндө 1-сорттогу ундун 1 кг 43,5 сомдон сатылып алынышы мүмкүн.

Көмүр рыногунда күз-кыш мезгилине даярдык иштери аяктагандыгына байланыштуу республика боюнча ата мекендик көмүрдүн орточо баасы 1 тоннасына 5241,7 сомду, импорттук көмүрдүн 1 тоннасына 6125,0 сомду түзүүдө. КРнын бардык аймагында калкка көмүр түздөн-түз сатылуучу отун базаларынын пункттары бар, бул маалымат «Кыргыз көмүр» МИнин kyrgyzkomur.gov.kg расмий сайтында жарыяланган.

Биздин өлкөнүн негизги соода өнөктөшү РФ болуп саналат. Учурдагы саясий кырдаалга байланыштуу товарларды ташуунун/жеткирүүнүн логистикалык чынжыры үзгүлтүккө учурады, бул товарлардын баасын кескин төмөндөтүүгө мүмкүн болбой калды.

Белгилей кетсек, КРдагы товарлардын орточо рыноктук наркы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана коңшу мамлекеттердин арасында эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Өлкөлөр ортосундагы баанын айырмасы ар бир мамлекет тарабынан берилген ар кандай салык ставкалары, алымдар жана субсидиялардын өлчөмдөрү менен шартталган.

Министрлик СМТ баасын ооздуктоо боюнча эффективдүү чаралардын бири мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү экенин билдирди.

Колдонуудагы мыйзамдар жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында СМТга бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Министрлер Кабинети 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизет. Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу бир айдын ичинде баалар 20 пайызга жана андан ашык өскөн шартта киргизилет, деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Добавить комментарий