Кыргызстандын элчилиги көргөзмө уюштурду

Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Тажикстан Республикасынын потенциалдуу инвесторлору менен таанышуу үчүн, Кыргызстандын элчилиги кыргыз туризмине арналган көргөзмө өткөрдү. Анын максаты – биздин өлкөнүн бул жааттагы потенциалын ачып берүү.

Катышуучуларга Кыргызстандын аймактарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берилди, ошондой эле өлкөнүн экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө презентациясы бар буклеттер таратылды, деп билдирди КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, дипломатиялык корпустун айрым өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө мындан ары туризм жаатында кызматташуу боюнча келишим түзүлдү.

Добавить комментарий