Кыргызстандын экономикасына 6 миллиард киловатт-саат жетишпейт

Кыргызстандын электр энергетика системасы экономика тармагын жетиштүү электр энергиясы менен камсыз кыла албайт.

Электр энергиясын өндүрүү жана берүү системасы өз алдынча, Борбордук Азиянын энергетика системасы менен параллелдүү иштейт жана жыл сайын 15 миллиард киловатт-саатка жакын электр энергиясын иштеп чыгат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Бишкекте өтүп жаткан энергетикалык форумда билдирди.

Ошол эле учурда 6 миллиард киловатт-саат электр энергиясы экономиканын толук кандуу иштеши үчүн жетишсиз.

«Бул тартыштыктын 3 миллиард киловатт саатын азыр импорттун эсебинен жаап жатабыз. Ал эми жаңы ишканаларды ачуу үчүн 3 миллиард киловатт-саат керектелет», – деп түшүндүрдү Амангелдиев.

КР керектүү электр энергиясын кайра жаралуучу энергия булактары аркылуу ала ала турганы белгиленген. Ошентип, гидротехникалык потенциал 150 миллиард киловатт-сааттан ашат. Республика ошондой эле жылына орточо 4,64 миллиард мегаватт-саат нурлануучу энергияны алат. Айрыкча шамалдын энергетикалык активдүүлүгү 1 чарчы метрге 2 мегаватт-саатка чейин жеткен алыскы райондордо шамал энергетикасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Добавить комментарий