Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында ИДПнын көрсөткүчтөрү кандай болгонун КРдагы Дүйнөлүк банк билдирет


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/08/speech-75423-1661950842-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө Дүйнөлүк банктын маалыматына таянып, Кыргызстандын ИДПсынын экономикалык көрсөткүчүнүн өсүүсү тууралуу Economist.kg сайты жазып чыкты. Эгемендүүлүктүн бардык жылдарында КР ИДПсы эки эсеге өстү.

1991-жылы калктын жан башына ИДП 576 долларды түзсө, 2021-жылы 1276 долларды түздү. Мындай көрсөткүчтөрдү Дүйнөлүк банк билдирди.

Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстандын экономикасы 1999-жылы кескин начарлап (жан башына ИДП 258 доллар), бир нече эсеге өсүп, COVID-19 пандемиясы дүйнөнү каптаганга чейин 2019-жылы эң жогорку чегине жеткен (жан башына 1374 доллар). 

Бирок жалпысынан 30 жылдын ичинде өлкөнүн экономикасы эки эсе гана өстү деп жыйынтык чыгарсак болот.

Салыштыруу үчүн, Казакстандын экономикасы ушул эле мезгилде төрт эседен ашык өскөн (2013-жылы эң жогорку көрсөткүч киши башына 13 891 долларды түзгөн).

Өзбекстандын экономикасы бул жылдар аралыгында 2,5 эсе, Тажикстандын экономикасы 1,7 эсе өстү.

Добавить комментарий