Кыргызстандын 10 сомдук купюрасы 1100 эсе кымбат сатылууда. Ким эмнеге алат?

«Мешок» деп аталган интернет-аукциондо Кыргызстандын 10 сомдук купюрасы сатууга коюлду.

Мындай үлгүдөгү банкнота 1997-жылы (үчүнчү жолу) чыгарылган.

Кыргыз купюрасы өз баасынан 100 эсе кымбат сатылууда
Баштапкы баасы тогуз миң рублди (10,1 миң сом) түздү. Бул өз баасынан 1 100 эсе кымбат сатылып жатканын түшүндүрөт. Банкноттун баалуулугу анын номери 0000000 (ВН сериясы) болгонунда. Нумизматтар мындай акчаны аябай баалап, 1000 долларга сатып алуудан да аянбайт.

Ачык булактарда ушундай номердеги ар кандай валютадагы купюралар сатууга чыкпай, үлгү катары гана колдонулары жазылган. Бирок аукционго коюлган 10 сомдук банкноттун «үлгү» деген белгиси жок.

Буга чейин Улуттук банк мындай купюраларды төлөм каражаты катары колдонууга болоорун же болбостугун тактап берүүнү убадалаган.

Добавить комментарий