Кыргызстанда жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө күйүүчү-майлоочу майдын баасы кандай

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик КРда жана Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүндө күйүүчү майдын баасына салыштырмалуу анализ жүргүздү.

Башкармалыктын басма сөз кызматы биз орточо баалар жөнүндө сөз болуп жатканын тактады. Баасы курс боюнча сомго которулат

Баалар:

Кыргызстанда Аи-92 54,4 сом, Аи-95 – 58,4, дизель майы – 49,4;

Казакстанда Аи-92 36 сом, Аи-95 жана дизель майы-42;

Россияда Аи-92 54 сом, Аи-95 – 58,9, дизель майы – 57,8;

Беларуста Аи-92 65,5 сом, Аи-95 жана дизель майы – 68,8;

Арменияда Аи-92 78,6 сом, Аи-95 – 80,4, дизель майы – 76,9.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик Россияды күйүүчү май рыногун жөнгө салууга көмөк көрсөтүүчү механизм колдонулаарын белгилейт. Эгерде бензин менен дизель отунунун экспорттук баасы шарттуу ички баадан жогору болсо, мамлекет бул айырмачылыктын бир бөлүгүн өндүрүүчүлөргө компенсациялайт. Болбосо мунай компаниялары бюджетке айырманы төлөшөт. Эксперттер бул ички рыноктогу баалардын өсүшүн ооздуктоого жардам берерин белгилешүүдө.

Казакстанда мунай өндүрүлөт жана кайра иштетилет, бул республиканын бензинге болгон муктаждыгын жабууга мүмкүндүк берет. Дизель майына болгон суроо-талаптын бир бөлүгүн (30 пайызга жакыны) өлкө импорт аркылуу, негизинен Россиядан жабат. Казакстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго мунай жеткирүү рыноктук баада эмес, наркы боюнча жүргүзүлөт.

Беларуста көзөмөлдөөчү мамлекеттик үлүшү бар эки ири мунай иштетүүчү завод бар – Мозыр нефтини кайра иштетүүчү заводу жана «Нафтан» ААК. Алардын өндүрүштүк кубаттуулугу өлкөнүн нефть продуктыларына болгон муктаждыгын жабат. Мындан тышкары, РБ күйүүчү майды экспорттойт. 2020-жылы экспорттун көлөмү 8,49 миллион тоннаны түздү.

Армения Кыргызстан сыяктуу импортко көз каранды өлкө. Өткөн жылы импорттун көлөмү 20,5 пайызга өскөн. Негизги импорттоочулар – Россия (69 пайыз) жана Иран (23,3 пайыз).

Ошондой эле Тажикстанда Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 73,4 сом, ал эми дизель майы 72,3 сом экени маалымдалды. Пресс-релизде АИ-95тин баасы көрсөтүлгөн эмес.

Өзбекстанда Аи-92 65,5 сом, Аи-95 – 67,1, ал эми дизель майы – 67,9.

Добавить комментарий