Кыргызстанда төлөө үчүн QR коддору өзгөрүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда QR коддору аркылуу товарларга жана кызматтарга акы төлөөнүн жаңыланган тутумун киргизүү пландаштырылууда.

Өкмөттүн токтомунун долбоору Экономика министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Министрликтин айтымында, бүгүнкү күндө 50 миңге жакын соода жана тейлөө ишканаларын POS-терминалдар менен камсыз кылуу зарыл. 2020-жылдын 1-майына карата республикада 9 миң 202 POS-терминал орнотулган. Негизинен Бишкектеги соода түйүндөрү шаймандар менен жабдылган (73 пайыз).

Төлөмдөрдү нак эмес түрүндө кабыл алуучу шаймандардын жеткиликтүүлүгү болжол менен 18,4 пайызды түзөт.

“Төлөмдөрдү нак эмес түрүндө кабыл алуу үчүн шаймандардын жай жабылышынын негизги себеби, аларды орнотууга кеткен чыгымдардын дээрлик бардыгы коммерциялык банктын мойнунда. Бардык 50 миң чекене жана тейлөө түйүндөрүн камтуу үчүн, POS-терминалдын минималдуу баасы 200 доллар болгон жалпы наркы 8 миллион АКШ долларын түзгөн 40 миңден ашык POS-терминалдарды сатып алуу керек”, – деп билдиришти Экономика министрлигинен.

Түзүүгө жана колдонууга оңой болгон эки өлчөмдүү штрих-код белгиси (QR коду) дүйнөдөгү POS-терминалдарга альтернатива болуп калды. Соодагерлерде товарларга жана кызматтарга акы төлөө үчүн, накталай эмес, банктык карталарды же электрондук акчаларды колдонуунун ордуна, кардарлар QR кодун сканерлеп, операцияны уюлдук телефон менен ырасташат.

«Мындан тышкары, төлөмдөрдү жүргүзүүдө QR коддорун колдонуу коронавирустун жайылышына байланыштуу тобокелдиктерди минималдаштырууга жардам берет», – деп айтылат документте колдоо билдирүүсүндө.

Добавить комментарий