Кыргызстанда рублдин расмий курсу кескин төмөндөдү

Орус рублинин курсунун кескин төмөндөшү тууралуу маалымат түшкөн.    

Кыргызстандын Улуттук банкы 7-июлга карата валюталардын расмий курсун белгиледи. Доллар мурдагы позициясында калып, евро менен рубль арзандады.

Эртеңки күнгө доллардын номиналдык курсу 79,5 сом деп белгиленди. Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда “америкалык” азыр 82,5-83 сомдон сатылып, 83,5-84 сомдон сатылууда.

Евронун курсу 0,62 пайызга – 81,9486 сомдон 81,4438 сомго чейин төмөндөдү.

Рублдин расмий курсу тездик менен төмөндөөдө. Эртең 1,2531 сом болот. Бул бүгүнкү көрсөткүчтөн 10,82 пайызга аз.

Теңге 0,12 пайызга — 0,1696 сомго чейин кымбаттады.

 

Добавить комментарий