Кыргызстанда пенсияга эрте чыгууга тыюу салынат

Кыргыз бийлиги кыргызстандыктарга мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга тыюу салууну көздөөдө.

Бул тууралуу пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча парламенттик угууда Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу үчүн бир нече реформалар сунушталууда.

“Эрте пенсияга чыгууга тыюу салуу пландалууда. Ал эми бийик тоолуу райондордо — шарттарды өзгөртүүгө. Мисалы, үч баланын энеси мурда 45 жашында пенсияга чыкса, бул жашты 48 көтөрүүнү сунуштайбыз. Бул жашоонун узактыгынын жогорулашына байланыштуу”, – дейт Гүлнура Жуматаева.

Пенсия курагы көтөрүлө элек.

Добавить комментарий