Кыргызстанда Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу башталды

 

“Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушунун башталышы – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгы үчүн жасалган чоң кадам”, — деп билдирди бүгүн, 25-ноябрда КР Президенти Садыр Жапаров биринчи Улуттук Курултайда.

«Суунун булагында жашап туруп электр энергиясын импорттоо биз үчүн уят. Жараткандын бизге берген белегин – өлкөнүн керектөөлөрү үчүн электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн туура пайдаланып, аны элибиздин негизги байлыгына айландырууга милдеттүүбүз.

«Эл башы болгуча, суунун башы бол!» деген даанышман аталарыбыз.

Экономикалык кыйынчылыктарга карабай Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштадык.

Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушунун башталышы өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына карай жасалган чоң кадам.

Кудай буюрса, курулушту бүтүрүп, пайдаланууга беребиз», — деди мамлекет башчы.

Садыр Жапаров ошол эле учурда бир нече кичи ГЭСтердин курулушу башталганын белгиледи.

“Алардын айрымдары жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет. Биз сөзсүз түрдө өлкөнү энергетикалык кризистен алып чыгып, электр энергиясын чет өлкөдөн сатып албай, экспорттогон алдыңкы өлкө болобуз.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи өлкөбүз үчүн өтө маанилүү стратегиялык долбоор!

Келечекте ушундай чоң стратегиялык ГЭСтерди куруу планыбыз бар.

Табиятыбыздын аркасында ушундай мүмкүнчүлүктөр бар”, — деди президент Садыр Жапаров.

Добавить комментарий