Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы мамлекет тарабынан козомолго алынат

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги, ун жана башка азыктарына болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүдо, деп  жыйында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ал өлкөдө бүгүн азык-түлүк тартыштыгы боюнча маселелер жок деп баса белгиледи.

«Азыр биз унга болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүдобуз. Баа боюнча  башка буюмдарды да чектөө журуудо. Ар бир аймакта өз баасы берилет. Биз бааны жогорулаткандарга каршы катуу чара көрсотобуз. Мен базарда жарандар менен озум жолугуштум. Алар мурда ушул сыяктуу иш-чараларды киргизүү зарыл экенин айтышты, бирок, биз ушундай ажиотажды күткөн эмеспиз. Кээ бир жарандар оз кызыкчылыгын мамлекеттен жогору койгонун күткөн эмеспиз», — деп Абылгазиев билдирди.

Буга чейин, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы коронавирус коркунучун пайдаланып сатарлык бааларды негизсиз жогорулаткан ишкерлерге карата сотко чейинки өндүрүштү башталганын жарыялаган.

Откон дем алышта, борбордук базарларда жана айрым гипермаркеттерде ажиотаж болуп отту — жарандар массалык турдо өнүмдөрдү сатып алган. Ак-ниетсиз ишкерлер кырдаалдан пайдаланып жүк баасын көтөргон.

Добавить комментарий