Кыргызстан менен Өзбекстан “Түндүк Сох” газ кампасын кайра иштетүү боюнча макулдашты


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/02/speech-85364-1675408267-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстан менен Өзбекстан эки республиканын чек арасында жайгашкан Баткен облусунда жайгашкан Түндүк Сох газ кампасын ишке киргизүүнү каалайт. Бирок бул үчүн бардык техникалык иштерди жүргүзүп, маселенин экономикалык аспектилерин талкуулоо керек.

Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 1-февралда Анжияндагы жолугушууда билдирди.

«Тилекке каршы, Сохтогу жер астындагы газ кампасы кандайдыр бир себептер менен жабылып калган. Бул маселе боюнча Садыр Жапаров менен да Кыргызстанда болгон мамлекеттик сапарда макулдашканбыз. Жакынкы арада биздин энергетика министрибиз Кыргызстанга келип, техникалык маселелер боюнча макулдашат», – деди ал.

Өз кезегинде коңшу республиканын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов белгилегендей, жер астындагы газ кампасынын көлөмү болжол менен 2,5-3 миллиард куб метрди түзөт.

Анын ичинен 1 миллиард 300 миллион метр куб газ пайдаланууга болот, калганы буфердик зонада. Бул кышкысын өрөөндө күн сайын 13 миллион кубометр газ бере алабыз дегендик. Газ кампасынын негизги бөлүгү Кыргызстанда, компрессорлору Өзбекстанда. Объектти жалпы пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Биринчи кезекте жумушчу топ бардык техникалык-экономикалык аспектилерин ийне-жибине чейин изилдейт деп болжолдонууда. Мирзамахмудов кошумчалагандай, газ кампасын ижарага да колдонууга болот.

Түндүк Сох газ кампасы Баткен облусунда жайгашкан. 2011-жылга чейин Өзбекстан тарабынан иштелип чыккан, бирок 2011-жылы Жогорку Кеңеш анын иштешине тыюу салууну талап кылган.

Добавить комментарий