Кыргызстан менен Түркия экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу чараларын талкуулашты


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-87879-1678939076-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

 

Кыргызстандын Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Тараптар инвестициялык климатты жакшыртуу, административдик чектөөлөрдү кыскартуу жана ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча чараларды талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле эки тараптуу сооданы көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, эки тарапты кызыктырган кызматташтык маселелери боюнча пикир алышты. Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүүчү Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун түзүүгө бурулду.

Жолугушуунун катышуучулары кыргыз-түрк мамилелери прогрессивдүү өнүгүп, жемиштүү жыйынтыктарды берерине ишеним билдиришти.

Түркия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири жана алыскы чет мамлекеттер менен тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлейт.

Добавить комментарий