Москвада өткөн РЭТ-2022 форумунда Кыргызстан менен Россиянын электр тармактар компанияларынын ортосунда энергетика тармагындагы өлкөлөрдүн стратегиялык кызматташуусу боюнча жаңы масштабдуу жана инновациялык келишим түзүлдү.
Компаниянын маалыматына караганда, документке компаниянын жетекчилери Андрей Рюмин менен Алтынбек Рысбеков Москвада өтүп жаткан РЭТ-2022 форумунун алкагында кол коюшту.
Макулдашууда инфраструктураны куруу жана модернизациялоо чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык системаларын өнүктүрүү боюнча схемаларды жана программаларды иштеп чыгууда өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Компаниялар ошондой эле корпоративдик окуу борборлорунун базасында адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, керектөөчүлөрдүн технологиялык байланышы, энергетикалык объектилерди долбоорлоо жана куруу, электр тармактар комплексин санариптик трансформациялоо сыяктуу маселелердин кеңири спектри боюнча тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда.
«Бул Россия менен Кыргызстандын электр тармактар компаниялары түзгөн мындай масштабдагы биринчи келишим. Ал инновациялык технологияларды, электр жабдууларын жана материалдарды иштеп чыгуу жана колдонуу, сертификациялоо жана сыноолорду камтыган эң актуалдуу багыттар боюнча кызматташуу үчүн шарттарды түзөт. Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу биздин өлкөлөрдүн энергетикалык тармактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деди Андрей Рюмин.
«Биздин кызматташтыгыбыз Кыргызстан менен Россиянын ири энергетикалык компанияларынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт, ошондой эле ченемдик-укуктук документация, заманбап инновациялык технологиялар, тажрыйба алмашуу жана кадрларды өнүктүрүү жаатында жемиштүү кызматташууга түрткү берет», — деди Алтынбек Рысбеков.
Маалымдама: «Россети» ААК Россиядагы электр тармактарынын оператору. Өзүнүн туунду жана филиалдарына ээлик кылган жана иштеткен дүйнөдөгү эң ири электр тармактар компаниялардын бири. Жалпысынан мүлк комплексине 35 компания кирет, анын ичинде 15 аймактар аралык компаниялар (мурдагы ААБТК) жана бир магистралдык тармактык компания (“Россети БЭС ФТК”). Ишкана ошондой эле илим-изилдее жана долбоорлоо институттарына, курулуш уюмдарына жетекчилик кылат.