Кыргызстан менен Катар халал индустриясындагы кызматташтыкты талкуулашат

Кыргызстандын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун Катар Мамлекетинин КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти менен болгон жолугушуусунда өлкөлөрдүн халал продукциясын өндүрүү боюнча мамилелерин өнүктүрүү боюнча суроолор көтөрүлдү.

Ошондой эле жолугушууда Халал индустриясындагы соода-экономикалык кызматташтыктын жана мамилелерди тереңдетүүнүн келечектүү багыттары талкууланды. Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү кеңейтүү жана жөнөкөйлөтүү боюнча ар тараптуу жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Катар тарап Халал индустриясы тармагында кызматташууга жана Кыргызстандан Катарга айыл чарба продукциясын импорттоого, анын ичинде КРнын аймагында соода-логистикалык борборду түзүү маселесин иштеп чыгууга жогорку кызыгууну белгиледи.

Добавить комментарий