Кыргызстан менен Германия кыргызстандыктарды Германияда мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча макулдашууга жетишти

Германия менен Кыргызстандын ортосунда жалпы макулдашууга жетишилип, анын жыйынтыгында Германия менен Кыргызстан эмгек миграциясы жаатында кызматташууну бекемдөө боюнча меморандумга кол коюшту.

Германиянын Эмгек министрлиги менен Федералдык ишке орноштуруу агенттиги кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу жаатында кызматташуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, тараптар кыргызстандыктарды Германияда мыйзамдуу ишке орноштуруу жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Меморандум тышкы эмгек рыногун диверсификациялоого, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Эмгек министрлиги белгилегендей, жалпысынан кол коюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн ортосундагы тышкы эмгек миграциясы жаатындагы өз ара маалымат алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүнүн жаңы горизонтторун ачат.

Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин делегациясы ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз-Герман техникалык институтунун, Кыргыз-Герман прикладдык информатика институтунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.

Добавить комментарий