Кыргызстан КЭРден гуманитардык жардам алды

Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардамдын партиясы келди. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жеткирилген жүк КЭРдин Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан жөнөтүлгөн.

Бул 3 миллион бир жолу колдонулуучу медициналык маскалар, 100 миң N95 медициналык маскалар, 20 миң коргоочу костюмдар.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов кытай элине республикабыздын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышы жана кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөткөн олуттуу жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. «Берилген жеке коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлердин жана коомчулуктун арасында COVID-19 жайылышын азайтууга жардам берет деп ишенем», – деди ал.

Добавить комментарий