Кыргызстан гречканы экспорттоону токтотту

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы экспортко сандык чектөө түрүндө тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чарасын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгына байланыштуу, Кыргызстан гречканын экспортун токтотот

Чектөө чарасы ушул жылдын 31-августуна чейин киргизилип, Армения, Беларус, Кыргызстан жана Россиядан товарларды экспорттоого нөлдүк квотаны карайт.

Гречканы  Казакстандан экспорттоого квота 4,2 миң тонна деп белгиленген.

«Чечим – бул товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоону жөнгө салуу үчүн улуттук денгээлде колдонулган бир тараптуу чараларды унификациялоо мүмкүнчүлүгүн камтыган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында кабыл алынган биринчи чара», – деди ЕЭК Соода министри Андрей Слепнев. Ошол эле учурда, ал гречка Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу көз карашынан алганда артыкчылыктуу мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

ЕЭК Беларустан жана РФдан – чечим күчүнө кирген күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен гречканын экспорту боюнча учурдагы улуттук чаралардын (код 1008 10 000 ТН ВЭД ЕАЭС), анын ичинде өз ара соода маселелерин козгогондордун жокко чыгарылышын камсыз кылууну суранды.

Добавить комментарий