Кыргызстан: Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү программасы бекитилди

Кыргызстанда 2022-2026-жылдарга карата өлкөдө аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө багытталган программа бекитилди.

Тиешелүү чечимге республиканын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бул иш-чаралар аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, бизнес жүргүзүүнүн негиздерин үйрөнүүнү каалаган аялдарды окутуу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

Министрлер кабинетинин токтому 15-декабрдан тарта күчүнө кирет.

Добавить комментарий