Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын долбоору: паспорттун ордуна айдоочулук күбөлүк

Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» банк Башкармасынын токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.

Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.

Долбоор банктардын ишине тобокелдикке багытталган көзөмөлдөө ыкмаларын өркүндөтүү, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык келтирүү жана калктын банк кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, ошондой эле коммерциялык банктардын сунушу боюнча иштелип чыккан.

Токтом долбоорунун алкагында, банктык эсеби бар кардарлар айдоочулук күбөлүктү колдонуп, акча которууларды жүргүзө алышат.

Толугураак маалыматты бул жерден тапса болот.

Добавить комментарий