Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосундагы социалдык камсыздандыруу келишими

Кыргызстандыктар Түркияда иштеп жүргөндө пенсияларды жана жөлөкпулдарды ала алышат.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын 2020-жылдын 2-июлундагы чечимине ылайык, Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык коопсуздук келишими, 2020-жылдын 7-апрелинде кол коюлган жана Түркия Республикасынын №7230 Мыйзамы менен ратификацияланган.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришкендей, келишимдин максаты – социалдык камсыздоо жаатында эки республиканын жарандарынын тең укуктуулугун түзүү. Келишимге ылайык, мыйзамдуу түрдө иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эки өлкөнүн жарандары Кыргызстан менен Түркияда пенсия жана жөлөк пул ала алышат.

Ошондой эле келишимде эмгек жаракаттарына жана кесиптик ооруларга, энеге жана майыптыгына байланыштуу убактылуу жөлөкпулдарга, сөөк коюуга жөлөкпулдар эки мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөнөт деп каралган.

Добавить комментарий