Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылды

Мамлекеттик чек ара кызматы Кытай менен чек арада өткөрмө бекеттердин жабылышы жөнүндө эскертти.

Тактап айтканда, Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу, Кытай тараптын демилгеси менен, 2021-жылдын 1-январынан тартып, мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай бөлүгүндө жайгашкан “Торугарт-Автодорожный” жана “Иркештам-Автодорожный” өткөрүү пункттары транспорт каражаттары жана товарларды өткөрүү үчүн убактылуу жабылаары маалымдалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

«Торугарт-Автодорожный» өткөрүү пунктунан унаалар менен жүктөрдү өткөрүү 2021-жылдын 4-январында улантылат; “Иркештам-Автодорожный” өткөрүү пунктунда – 2021-жыл, 2-январда.

«Торугарт – Автодорожный» жана «Иркештам – Автодорожный» өткөрүү пункттары Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына жүк ташууну гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштей тургандыгын эсиңиздерге салабыз.

Добавить комментарий