Кубатбек Боронов Минск шаарында ЕАЭБге катышты

Минск шаарында “Президент-отельде” ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу болуп өттү. Ага Кыргызстандан Кубатбек Боронов катышты.

Молдованын өкмөт башчысы Минск жыйынына байкоочу катары катышты.

Ички рынокто катышуучу мамлекеттер тарабынан соода тоскоолдуктарын четтетүү, товарларды маркировкалоону киргизүүнүн тутумдук мамилелерин иштеп чыгуу, Жерди алыстан байкоо үчүн биргелешкен космостук системаны түзүү, индустриализация карталарын иштеп чыгуу жана агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү жана башка актуалдуу маселелер талкуунун негизги темалары болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы, кызуу талкууларга карабастан, күн тартибиндеги бардык 18 маселе каралды деп билдирди.

«Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги маселелери чечилди. 2020-жылдагы оор кырдаалда ЕАЭБ органдары жакшы координацияланган ишти камсыз кылууга жетишти – Бирликтин ичинде товарлардын кыймылы боюнча мамлекеттердин жана жарандардын кызыкчылыгында оперативдүү жана стратегиялык чечимдер кабыл алынды. Пандемияга байланыштуу маселелерди иштеп чыгууда өз ара түшүнүшүүнүн жогорку деңгээли байкалды. Жалпысынан быйыл 300дөн ашык акт кабыл алынып, 37 ар кандай деңгээлдеги жолугушуулар болуп өттү, тогуз тоскоолдуктар жоюлду», – деди Мясникович.

Анын айтымында, өкмөттөр аралык кеңештин чечиминин аркасында, космостук, индустриалдык жана агроөнөр жай чөйрөсүндө инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыра башташат.

«Биз ЕАЭБ рыногунда акылга сыярлык атаандашууга гана эмес, жаңы технологиялардын жана жумушчу орундардын өсүшүнө мүмкүндүк бере турган, бири-бирин толуктап турган адистешүүгө кирүүдөбүз. Учурда Союздун мамлекеттеринин башчылары жалпы кабыл алган 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын иштеп чыгууда. Комиссия материалдарды мамлекет башчыларынын кароосуна 2020-жылдын күзүндө тапшыруу үчүн документти ишке ашыруунун конкреттүү кадамдары менен план даярдады», – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

Добавить комментарий