Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев учурда Вашингтондо болуп, Дүйнөлүк банк тобунун (ДБ) жана Эл аралык валюта корунун (ЭВФ) башкаруучуларынын жазгы жыйынына катышууда.
Иш-чаранын алкагында ЭВФтин өкүлдөрү жана Акча-кредиттик системалар жана капитал рыноктору департаментинин директору менен техникалык жардам жана акча-кредит саясатынын чараларын талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт. Ошондой эле күн тартибинде Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаментинин өкүлдөрү менен КРдагы экономикалык абалды талкуулоо бар.
Жыйындын алкагында дүйнөлүк экономиканын өнүгүшү жана дүйнөлүк инфляциянын себептери боюнча борбордук банктардын, анын ичинде ЭВФ өлкөлөрүнүн Швейцариялык тобунун жетекчилеринин талкуулары жана пикир алмашуулары жүрүүдө.
Жазгы жолугушуу Вашингтондо өтөт.